- 26 янв 2012 13:07.23
#3459460
Если не сложно пару дней тему не сносите
Жаныбек казы
Бүгүнкү күндө эл арасында басмачылар жөнүндө ар кандай сөздөр көп айтылат. Бул албетте табигый нерсе. Эл өз тарыхына кайдыгер мамиле кылалбайт. Антсе да кээ бирөөлөр элдин көз карандысыздыгы үчүн күрөшкөн деп басмачыларды актап жибергиси келгендери да бар. Албетте бул бир беткей жыйынтык, миңдеген бейкүнөө кандаштарыбыздын жаркын элесин, алардын арбагын сыйлабагандыкка жатат. Бирок, ошону менен бирге эле басмачылык кыймылы жөнүндө унчукпай коюу анын жетекчилери болгон корбашылар тууралуу кандайдыр бир маалымат бербөө, бүгүнкү муундагы жаштардын деги эле басмачылыктан кабары жок кишилердин ар кандай ушак-айың сөздөрдүн жетегинде калаары анык. Ошондуктан, басмачылыктын көрүнүктүү өкүлү Жаныбек казы жөнүндө кененирээк кеп салууну чечтик.
Орто Азиядагы басмачылардын эң көрүнүктүү инсандарынын бири болгон Жаныбек казы 1869-жылы туулган. Ал Ош уездиндеги Ак-Жар болушун бийлеген өтө таанымал адам болгон. Октябрь революциясынын кыргыз жергесине келишине ал каршы чыккан эмес. Ал Көршермат сыяктуу бөлөк корбашыларга окшоп айылын талабады, бийликтегилер менен тил табышып, үч жолу өз ыктыяры менен Кеңеш Өкмөтү тарабына өтүп 1927-жылга чейин Өзгөн районунун аймагында жашады. Өз ыктыяры менен сүйлөшүүлөрдүн негизинде Жаныбек 1922-жылдын апрелинде Гайып паңсат, Осмон ажы, Абдылдабек, Кошбай корбашылар менен бирдикте Кеңеш өкмөтүнө өтүшкөн. Кеңеш өкмөтү Жаныбек казыга ишеним көрсөтүп 25 жигитин куралы менен калтырган. Ал жогорудагы корбашылар менен бирдикте Кызыл Армиянын бөлүктөрүнө жардам көрсөтүп Муэтдин бандасын талкалоого активдүү катышат.
Жаныбек казы негизинен өзү чукугандай сөз тапкан, таамай сүйлөгөн, окуган-чокуган киши болгон. Адегенде элдин арасында анын кадыр- баркы өтө жогору болчу. Архивдик документтерде: Жаныбек казы 25 жигити менен Кеңеш өкмөтү тарабына өтүп, жигиттери Кара-Шорого кетип, өзү аз гана жигиттери менен Өзгөндө мамсооданын ишин аткарып калат. Милдети элден мал сатып алып, жүн өткөрүү болчу.
Жаныбек казыны Кеңеш өкмөтүнө душман кылган анын жигиттери болду. Алар ага айтпастан Алай-Кууга барышып, 1927-жылдын апрель айында Алай-Куудагы чегара заставаларына кол салышат. Аны уккан казы өтө капаланат, жигиттерин сабайт, айла жок Кызыл Армиянын кыргынына калбоо үчүн из жашырат. Мына ушундай окуядан кийин Жаныбек казынын "бандаларын" жок кылуу үчун ошол эле жылдын май айында комсоставдын начальниги Вахалов Павел Васильевич башында турган 2 кол пулемёт, мылтык, гранаталар менен куралданган, курамында 23 курсант аскер эскадронунан 24 жоокер жөнөтүлөт. Буларга Токмокто жайгашкан кавалериянын отряды кошулуп, Ат-Башыга келишет. Бир жарым ай бою Ак-Сай-Арпадагы 4200 метр бийиктиктеги аска-зоолорду ашып июнь айында Жаныбек казынын жигиттерин талкалашат.
Бул окуяны төмөндөгү архивдик маалымат менен тастыктап кетсек: "Вахалов Павел Васильевич командалык кылган кыргыз кавалериялык атчандар дивизиясынын негизги милдети Ак-Сай-Арпа өрөөнүндө жортуп жүргөн Жаныбек казынын басмачыларын талкалоо болгон. 1927-жылдын июнь айында Вахалов командалык кылган бул отряд Ак бейитте болуп, Кашка-Суу чегара заставасы тараптан өтүп, Ак-Сай-Арпа өрөөнүндө Жаныбектин жоон топ басмачылары менен салгылашат. Бул күтүүсүз каршылыкка тушуккан Жаныбек казы мүлктөрүн жана окко учкан бир топ басмачыларды таштай качып, эч каршылыксыз чегара тараптан өтө качып Кашкар тарапка бет алган. Бул согушта кызыл аскер тарабынан бир пулемётчик чегарачы каза болгон. Анын аты жөнүн Вахалов гана билет" деп маалымдалат Кыргыз АССРинин Борбордук аткаруу комитетинин документалдык материалдарында.
Ошентип, Кытайга кире качкан Жаныбек казы арадан эки ай өтпөй Кыргызстанга кайрылып келип туугандарынан кабар алат. Ал ага чейин 1927-жылдын август айында Кашкардан 150 чакырым аралыкта жашыруун жерде Англиянын консулу Гиллан менен жолугушат. Андан акчалай чоң жардам алган Жаныбек казы Кара-Шородо, Мырза-Акеде, Өзгөндө калган урук-туугандарына чабарман жөнөтөт. Бирок, колхоздошуу башталып, эл бирикме чарбага өтө баштагандыктан, алардан колдоо алалбай Жаныбек казы өз жигиттери менен айыл-кыштактарды чаап, талкалап өрттөп тоногон деп жазылат Кеңеш өкмөтүнүн архивинде. Бирок, жергиликтүү эл андай болбогонун азыркыга чейин айтып келишет. Чындыгында Жаныбек казы Кеңеш өкмөтүнүн чагымчыл саясатынын курмандыгына кабылып, өз мекенинен кетүүгө аргасыз болгон.
Жазып алган

Куплю БКЗ-15902 ткз 7479
скайп-gromazeka444
скайп-gromazeka444